Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХXVI сессиясынын
2020-жылдын 30-январы № 58
“Казарман Таза Суусунун” бүгүнкү күндөгү акыбалы тууралуу кароо боюнча
“Казарман Таза Суусунун” бүгүнкү күндөгү акыбалы тууралуу кароо боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Казарман айылындагы “Нур жайык” кичи шаарчасын кошпогондо, башка бардык көчөлөрдөгү элди толук кандуу таза суу менен камсыз кылуу жагы Таза Суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге тапшырылсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|