Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2020-жылдын 30-январы № 59
МТС муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндөгү алып барып жаткан иши тууралуу маалыматын угуу жөнүндө
МТС муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндөгү алып барып жаткан иши тууралуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы МТС муниципалдык ишканасы тарабынан ыкчам түрдө аткарыла турган иштердин солгундап жаткандыгы белгиленсин.
2. Бул иштерди тез арада бүткөрүүнү колго алуу жагы МТС муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Суранчиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге тапшырылсын.
4.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|