Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXV сессиясынын
2020-жылдын 11-декабры № 11
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун жана ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2020-жылдын тогуз ай ичиндеги жүргүзгөн иштери тууралуу отчету
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун жана ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2020-жылдын тогуз ай ичиндеги жүргүзгөн иштери тууралуу
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Кайыпбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун 2020-жылдын тогуз ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча берген отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы 2020-жылдын 9 айындагы такталган планы 26673,7 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 9 ай ичинде 26026,4 миң сомдук киреше өндүрүлүп, 97,6 пайызга аткарылып, бюджетке 647,3 миң сомдук киреше кем түшкөндүгү белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 9 ай ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү такталган план боюнча 30498,5 миң сом болуп, кассалык чыгым 20033,6 миң сом, тактап айтканда, 65,7 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүндө салыктын айрым түрлөрү боюнча пландагыдан кем аткарылгандыгы көрсөтүлсүн.
6. Кышка карата даярдык боюнча мектеп жана бала-бакчалар отун, көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
7.Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардан мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
8. Өткөн сессиялардагы токтомдо тендердик комиссияга депутаттардан киргизүү жагы милдеттендирилгендигине карабастан тендердик комиссияга депутаттар камтылбагандыгы белгиленсин.
9. Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынан жана №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен түшкөн кайрылуулар эске алынып, 2021-жылдын бюджетине сунуш кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
12. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|