Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXV сессиясынын
2020-жылдын 11-декабры № 48
Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык К3 зоналдык коэффицентинин өлчөмдөрү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында К3 зоналдык коэффицентинин өлчөмүн бекитүү боюнча, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында К3 зоналдык коэффиценти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
-үй жанындагы короо жай багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн
К3=1 өлчөмүндө;
-Коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактарга айыл өкмөтүнүн борборунан тышкары бардык аймактарга К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
-Кен өнөр жай ишканалары, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика
ишканалары, геологиялык чалгындоо, долборлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери, байланыш жана электр берүүлөрдүн аба линиясы, билим берүү мекемелери, саламаттыкты сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия - спорт мекемелери, аба транспорт, коомдук тамактануу, мейманкана, банктар, күрөөканалар, акча алмаштыруу пункттары, офистер, автомай куйуучу станциялар, иштелип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разръездер, кум төгүүчү жайлар жана санитардык коргоо зоналары К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Транспорттук ишканалардын административдик имараттары, айровокзалдар, аэропорт, автовокзалдар, автостанциялар жана чакан базарлар, соода базар комплекстери, мал, жем сатуучу базарлар К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
3.Жогоруда аты аталбай калган юридикалык жана физикалык жактар үчүн К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
4. Бул токтом 1-январь 2021-жылдан баштап күчүнө кирет. 31-декабрь 2023-жылдан баштап күчүн жоготот.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин алдындагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|