Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXХV сессиясынын
2020-жылдын 11-декабры № 49
Каргалык айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Акматованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин1-2-3-4-7-пункттарына ылайык Каргалык айыл аймагындагы №2082 Казарман, №2083 Аэропорт, №2086 Макмал участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик мүчөлүгүнѳ кѳрсѳтүлгѳн талапкерлерди тизмеге ылайык 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитип берүү үчүн Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтүлсүн.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|