Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXV сессиясынын
2020-жылдын 11-декабры № 50
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн Ороков Азизбек Бакыевич жана Афган жергесинде интернационалдык милдеттерин так аткарган эрдиктери, элге кылган ак ниет кызматы үчүн Арзыматов Зайырбек Самсалиевич Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |