Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXХV сессиясынын
2020-жылдын 11-декабры № 51
Таза кызмат” муниципалдык ишканасына жетекчи дайындоо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын директорлук кызматына Мурзапайызов Берадор Нурбековичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын директорлук кызматына Мурзапайызов Берадор Нурбековичти бекитүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн балансасындагы ГАЗ-53 жана ГАЗ-52 вышка автоунаалары “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |