Загрузка документа…
МАРГУЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы №6
«Арка массивинин энергетикалык көз карандысыздыгынга өткөрүү максатында 110кв “Раззаков-Арка” электр линиясынын курулушуна жер участокторун “Айыл-чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө»
Электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоону өнүктүрүү жана энергетикалык көз карандысыздыгын күчөтүүдө 100 кв “Раззаков-Арка” электр линиясынын курулушуна жер участокторун бөлүп берүү жөнүндөгүМаргун айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Баетовдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Маргун айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арка массивинин энергетикалык көз карандысыздыгын күчөтүү максатында, Маргун айыл Өкмтүнөн өтүүчү100 кв “Раззаков-Арка” электрлиниясынын куруу үчүн, электр аба чубалгыларын тирөөчтөрдү орнотуу үчүн, Маргун айыл Өкмөтүнөн №1063,1260,413,416,476,471,427,433-контурларда жайгашкан 1618,60 ч.м. мамлекеттин менчигиндеги кайрак айдоо жерлерди -“Айыл-чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Жер ажыратып берүүгө тийиштүү документтерди мыйзамга ылайык даярдап берүү жагы айыл Өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Ж. Бекботоевке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Ж. Бекботоевке жана айылдык Кенештин алдындагы айыл –чарбасы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Маргун айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Абдухамитов |