Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын
2020-жылдын 11-декабры № 52
Жаңы ачылып жаткан “Ак бермет”мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын которуу боюнча келип түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маркум Т.Турсуналиевден, Ж.Турусбекова менен чогуу иштеген “Айдай” мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек жамаатынан жана Ж.Турусбекованын жолдошу Т.Миңбаевден келип түшкөн кайрылуулар эске алынсын.
2. Маркум Турусбекова Жанаркүлдүн ысымы “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюмуна ыйгарылуусу “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого” ылайык келээри белгиленсин.
3. “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Турусбекова Жанаркүл атындагы “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюму” деп ысым ыйгарууда жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин.
4. “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюму “Турусбекова Жанаркүл атындагы “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюму” деп аталсын.
5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы №488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер - министрине, Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |