Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы № 1
«Кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчик деп таануу жөнүндө»
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун ээсиз калган Сокулук айылындагы Мира көчөсүнүн номуру 45 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчик деп таануу зарылдыгы туралуу маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылындагы Мира көчөсүндө жайгашкан №45 имараты муниципалдык менчик деп таанылсын, жана аны менен бирге Сокулук айыл өкмөтү муниципалдык менчикке өтө турган иш чараларын аткарсын;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Мира №45 кыймылсыз мүлкүнө тиешелүү инвесторлорду тартып келүү негизинде түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттин булактарынан, ошонун ичинен жылдыруу жолдору менен үнөмдөлгөн каражаттарды колдонсун;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |