Загрузка документа…
СОКУЛУКСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020 жылдын 11-январындагы №01-6-2
Муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө баштапкы бааларды бекитүү жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Т. Казымбековдун Сокулук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-мартындагы №58 “муниципалдык жерлерди коммерциялык жана коммерциялые эмес максаттар үчүн ижарага берүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-мартындагы №58 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин;
2. 2020-жылдан баштап Сокулук айылдык аймагында жер участокторун убактылуу ижарага берүү үчүн баштапкы баасынын төмөнкү өлчөмдөрү бекилсин:
-Коммерциялык максаттар үчүн жер участоктору (дүкөндөр, чач тарачтар, павильондор, күрөөканалар, унаа токтотмолор жана башка убактылуу объекттери) – айына 1500 сомго бектилсин;
- Короого – жылына 1 соткага 500 сом.
- Гараж - жылына 1 чарчы метринин баасы 25 сом.
- Жер участоктор (саздар, көлмөлөр) – 1га жылына 5000 сом.
- Жарнамалык щиттер айына - 1500 сом.
- Антенна вышкасы айына - 3000 сом.
- Көрсөткүчтөр айына – 300сом.
3. Жер участокторун убактылуу ижарага берүүдө жер комиссиясы ушул токтомду
4. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |