Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11 январы № 01-6-3
Айыл аймагынын ичинде жүргүнчүлөрдү ташууга жол кире тарифтерин бектитүү жөнүндө
“Сокулук Ак-жол” муниципалдык ишканасынын директору С. Качкынбаеванын айыл аймагынын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы үчүн жол кире тарифтерин бекитүүнүн зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын ичинде белгиленген өлчөмдө жүргүнчүлөрдү ташууга тариф төмөндөгүдөй бектилсин:
- Чоң кишилер – 10 сом.
- Жети жаштан жогору курактагы балдар – 10 сом.
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |