Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11- январындагы №01-6-4
Сокулук айылдык аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнуктүрүү максатында жеке жана юридикалык уюмдардын инвестицияларын тартуу жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун Сокулук айыл аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында инвесторлорду тартып келүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык аймагын өнүктүрүүгө жана инфраструктурасын көрктөндүрүүгө багытталган келишимдерди түзүүгө жана инвестицияларды тартып келүүгө уруксаат берилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы инвесторлор менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу масатында жергиликтүү бюджеттин булактарынан, ошонун ичинде жылдыруу жолдору менен үнөмдөлгөн каражаттарды колдонсун;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |