Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы №01-6-5
Соода түйүндөрдүн айланасындагы санитардык жана башка абалы тууралуу
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун Сокулук айылдык аймагында жайгашкан базардын айланасынын санитардык-эпидемиалогиялык абалы тууралуу маалыматын угуп, ошондой эле башаламан соода-сатык көрүнүштөрү менен күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 3 пунктуна таянып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык аймагында жайгашкан базарлардын, соода түйүндөрдүн, павильондордун, дүкөндөрдүн ээлери айлана-тегерегинин, тактап айтканда соода түйүнүнөн баштап трассага чейинки аралыкта санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана тазалыкты сактоо менен бирге башаламан соода-сатык көрүнүштөрүн болтурбоо иш-чараларын алып баруу милдеттери жүктөлсүн;
2. Фрунзе көчөсүндө (Бишкек – Кара-Балта трассасы), Ленин жана Калинин көчөлөрүндө жайгашкан соода түйүндөрдүн ээлерине, аларга таандык территориясынын тегерегиндеги башаламан соода-сатык көрүнүштөрүнө тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксааты жок соода кылгандарга жол бербөө милдеттери жүктөлсүн;
3. Соода түйүндөрүнүн ээлери санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана башаламан соода-сатык көрүнүштөрүнө жол бербөөнү сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылаары тууралуу маалымдалсын.
4. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |