Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 16-марты №01-6-15
Муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берүүнүн тартиптери жөнүндө
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы У. Акматовдун муниципалдык жер тилкелерин жана муниципалдык менчикти узак убакытка ижарага жана жеке менчикке берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө багытталган докладын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык жер тилкелери жана башка муниципалдык менчик узак убакытка ижарага жана жеке менчикке берилүүдө Сокулук айыл өкмөтү Сокулук айылдык кеңеши менен макулдашууга тийиштүү;
2. Макулдашуу тууралуу суроо-талап сессияда каралууга тийиш;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |