Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
от 04 июну 2020 года №01-6-22
Таажывирус (COVID 19) илдети менен күрөшүүдө иш-чараларга активдүү катышкан муниципалдык кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын 2020-жылдын 04-июнундагы протоколундагы таажывирус (COVID 19) илдети менен күрөшүүдө иш-чараларга активдүү катышкан муниципалдык кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүү боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине “Социалдык жактан коргоо” бөлүмүнүн 2721 беренесинен бюджеттик комитеттин 2020-жылдын 04-июнундагы протоколунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык материалдык жардам көрсөтүлсүн. Материалдык жардамдын жалпы суммасы 340 000 (үч жүз кырк миң) сомдон ашпасын;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысына материалдык жардамдын суммасын кызматкерлердин аткарган жумушуна карап бөлүшүрүүгө уруксаат берилсин. Материалдык жардамдын суммасы 5 000 (Беш миң) сомдон кем жана 15 000 (Он беш миң) сомдон көп эмес болушу зарыл;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |