Загрузка документа…
СОКУЛУКСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 18-июну №01-6-24
Сокулук айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин 10-пунктунун негизинде Сокулук айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө суроону карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Аскеров Бакыт Аскеровичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун;
2.Жооптуу катчы ушул токтомду Сокулук районунун аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) жөнөтсүн;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |