Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020- жылдын 07 августу № 01-6-32
Сокулук айылынын №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана Сокулук айылдык аймагындагы Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын күндүзгү стационарында иштеген медициналык кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 07-июлундагы №12-П “Чуй облусундагы таажывирус инфекциянын жана жугуштуу коронавирус пневмониясынын жайылышын алдын алуу чаралары жөнүндө” буюрмасын, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылынын 09-июлундагы №288-Р буюрмасын аткаруу максатында, Сокулук айылдык аймагынын Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясында ачылган күндүзгү стационардын жана №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлеринин таажывирус (COVID 19) илдети менен күрөшүүдө активдүү иш алып баргандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлерине 5 000 (Беш миң) сом жана Сокулук айылдык аймагынын күндузгү стационарынын медициналык кызматкерлерине 15 000 (Он беш миң) сомдон материалдык жардам жана пакет түрүндө жардам көрсөтүлсүн. Медициналык кызматкерлердин тизмесин атайын уюштурулган комиссия дайындасын;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы медициналык кызматкерлердин тизмесин тактоого атайын комиссияны түзсүн;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн.
Төрагасы |
У.Акматов |