Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2020-жылдын 25-декабры №01-6-47
Сокулук айылдык кеңешинин депутаты С.М. Матмуратовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин 10-пунктунун негизинде Сокулук айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө суроону карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Матмуратов Сулайманкул Махамматовичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун;
2. Жооптуу катчы ушул токтомду Сокулук районунун аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) жөнөтсүн;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Райымбердиевге жүктөлсүн
Төрагасы |
У.Акматов |