Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-апрели № 3
Кара-Балта шаарынын аймагындагы КТТ чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28,31,36-беренелерине, ошондой эле муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги №3 чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 4 “Кара-Балта шаарынын калкынан, уюмдарынан жана башка коммерциялык түзүмдөрүнөн КТТрын чыгаруу тарифин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 7-мартында № 6 “Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан, уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттерден катуу тиричиликтик таштандыларын чыгарууга «ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 22-ноябрындагы №1 “Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсал” КТТны жыйноо жана чыгаруу тарифин бекитүү жана насыя берүүнү жылдыруу тууралуу” токтомдору өз күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кара-Балта шаарынын аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын (КТТ) чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу үчүн тарифи бекитилсин:
- Кара-Балта шаарынын калкы үчүн- 132 сом айына 1 куб м.;
- Менчиктин түрүнө карабастан, чарбалык субъекттер үчүн - 1,0 куб м. - 170,30 сом өлчөмүндө;
- калк үчүн- 22 сом.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражатына жарыялансын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын вице-мэри Т.Н.Айткулуевге жүктөлсүн.
________________________________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДК, Кара-Балта шаарынын мэриясына, “Универсал” МИ, ЖАК “ККИК”, ЖЧК “ТехПроект”.
Кеңештин төрагасы | А. Байсариев |