Загрузка документа…
КАРА БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021 жылдын 12-апрели №02
Кара-Балта шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 - беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 108-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту карап чыгып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын 2020-жылдын 12 - айлык бюджетинин атайын каражаттарды, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен киреше боюнча 188523,8 миң сом жана 2020-жылдын башындагы 1868,8 миң сом калдык менен, чыгымдар боюнча 177091,6 миң сом суммада кирешелер чыгымдардан ашыкчасы менен 13301,0 миң сом суммасында аткарылышы жөнүндө отчет, №1, 2 тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б.Шакирбаевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта ш. КЭБге, Кара-Балта ш. мэриясына караштуу мулккө ММБ
Шаардык кеңештин төрагасы: | А. Байсариев |
|