Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2021-жылдын 19-февралы № 35/7
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаменти №46 жолдорду тейлөө мекемесинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаменти №46 жолдорду тейлөө мекемесине караган жер участка айыл өкмөт балансына алынсын.
2. Айыл өкмөт балансына алуу жагы Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Ошол жердеги бак дарактар тиркемеге ылайык №46 жолдорду тейлөө мекемесинин балансынан чыгарып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |