Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XL сессиясы (IV чакырылыш)
(Сурамжылоо жолу менен)
2021-жылдын 25-майы № 270
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 24-майындагы №6 токтомун эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлер тизмеге ылайык көрсөтүлсүн (тизме тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ Ош шаардык Кңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн
Төрагасы | Ж. Ормонов |