Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы (IV чакырылыш)
(Сурамжылоо жолу менен)
2021-жылдын 26-марты № 269
Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 26-мартындагы №5 токтомун эске алып, Ош шаардык Кеёеши токтом кылат:
1.Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлер тизмеге ылайык көрсөтүлсүн (тизме тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Камчыбек уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу | Б.Каналиев |