Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVII СЕССИЯСЫ
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2021-жылдын 29-декабры № 250
Ош шаарынын мэриясынын
шаардагы инвестициялык климатты
жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү
коргоо боюнча аткарып жаткан
иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдагы иш-планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын шаардагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 01.12.2020-ж. №7 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясынын шаардагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов)
-шаардын экономикасына сырткы инвестицияларды тартуу жана инвестиция жаатындагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жумуштарды колго алуу;
-Кең-Сай массивинде индустриялдык аймак түзүү маселесин комиссия түзүп карап чыгуу;
-инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ыйгарым укуктардын чектеринде шаардын аймагында уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантуу;
-ишкерлер менен бирге шаардын ыңгайлуусунун приоритеттүү багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
-ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен иш алып баруу;
-жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен тике инвестицияларды тартууда Ош шаарынын потенциалын чагылдыруу жана жарнамалоо боюнча чараларды көр\үү;
-жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн катышуучуларды тартуу менен шаардын инфраструктурасын жакшыртууга каралган долбоорлорду тааныштыруу боюнча көргөзмөлөрдү жана 2021-жылдын биринчи жарым жылында бизнес-форум уюштуруу;
-ишкерлер менен тегерек столдорду такай уюштурууну колго алуу;
-жаңыдан иш баштаган ишкерлерге акысыз консультация берүүчү консалтингдик кызматтар, ошондой эле бизнес-ассоциациялар менен тыгыз иш алып баруу;
-Ош шаарында инвестиция тартуу маселеси менен түздөн-түз иш алып баруучу башкармалыктын милдеттерин так аныктап чыгуу милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) тапшырылсын.
Төрагасы | Ж. Ормонов |