Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVII СЕССИЯСЫ
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2020-жылдын 29-декабры № 251
Ош шаарында муниципалдык
аймактык башкармалыктардын
аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын маалыматын угуп жана талкуулап, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын өзүнүн компетенциясына кирген иштерди аткарып жаткандыгы боюнча маалымат толук чагылдырылбагандыгы боюнча айтылган сын-сунуштарын жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 227-беренесин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе кайрадан карап чыгуу үчүн кайтарылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) тапшырылсын.
Төрагасы | Ж. Ормонов |