Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVII СЕССИЯСЫ
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2020-жылдын 29-декабры № 252
Ош шаарында үй жаныбарларын,
канаттууларды багуу жана мал жаюу
Эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын вице-мэри Э.Шадыхановдун жана Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы С.Абдуллаевдин «Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу Эрежелеринин» долбоору жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 10.12.2020-ж. №11 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ош шаарынын мэриясы (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын аймагында Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу Эрежесинин аткарылышын көзөмөлдөсүн.
3.Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясына (С.Абдуллаев) Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу Эреженин мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо тапшырылсын.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн
Төрагасы | Ж. Ормонов |