Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин кезектеги X сессиясы (IV чакырылыш)
2020-жылдын 29-декабры № 253
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги “Ош шаарында техникалык шарттарга жана суу түтүктөрү (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу бааларын бекитүү жөнүндө” №98 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 17.12.2020-ж. №379/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 24.12.2020-ж. №7 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеёешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги “Ош шаарында техникалык шарттарга жана суу түтүктөрү (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу бааларын бекитүү жөнүндө” №98 токтомунун №1 тиркемесинин 2-пункттунун эскертүү бөлүгүндөгү коэффициенттерге өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
- бюджеттик уюмдар үчүн коэффициент 0,1;
- чарба эсептик муниципалдык, мамлекеттик уюмдар үчүн коэффициент 0,5;
Коммерциялык уюмдар (жеке юридикалык жактар)
- өндүрүштүк ишканалар үчүн коэффициент 0,5;
- сауна, мончо, автожуугуч, акы төлөөчү ажаткана үчүн коэффициент 1,0;
- кафе, бар, ресторан, оюн-зоок мекемелер үчүн коэффициент 1,0;
- коммерциялык эмес уюмдар үчүн коэффициент 1,0;
- пайдалануучу аянты 100 кв.м жогору турак жай үй үчүн коэффициент 0,5.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |