Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕЁЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХXXVII СЕССИЯСЫ
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2020-жылдын 29-декабры № 254
Ош шаардык Кеңешинин
токтомдоруна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 15.12.2020-ж. №361/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 22.12. 2020-ж. №24 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 27-январындагы №224 токтомунун 9-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип:
1-пунктундагы 6 480,0 цифра “5507,0”;
2-пунктундагы “430,0” цифра “404,71”;
3-пунктундагы “1 500,0” цифра “1 100,0”;
4-пунктундагы “700,0” цифра “0”;
9-пунктундагы “2 000,0” цифра “1 372,0”;
10-пунктундагы “500,0” цифра “182,1”;
32-пунктундагы “4 925,2” цифра “4 607,7” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2.Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 10-мартындагы №232 “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизилип, 1-пунктунун 2-пунктчасындагы 238,1 миң сом жана Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун 9-тиркемесинин 1, 2, 3, 4, 9, 10 жана 32-пунктундагы үнөмдөлгөн 3 361,7 миң сом, жалпы 3 599,8 миң сом акча каражаты аталган токтомдун 9-тиркемесинин 22-пунктуна которулуп, “13 000” деген цифра “16 599,8” цифрасына алмаштырылып, аталган пункттагы сүйлөм “анын ичинен күйүүчү май алууга 1 975,8 миң сом” деп толукталсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана ънър-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |