Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVII СЕССИЯСЫ)
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ
2020-жылдын 29-декабры № 255
Ош шаарынын Ленин жана Асранкулов
көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуу
багына «Кыргызстан жаштар ынтымагы
багы» аталышын ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 07.05.2020-ж. №24/08-5 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 04.05.2020-ж. №1 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-ж. №467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 23.12.2020-ж. №15 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын Ленин жана Асранкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуу багы «Кыргызстан жаштар ынтымагы багы» деп аталсын.
2. Эс алуу багынын аталышы жазылган көрнөк тактаны орнотууга кеткен чыгымдарды «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси тарабынан каржылоо белгиленсин.
3. Эс алуу багынын аталышы жазылган көрнөктү даярдоо жана аны орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) тапшырылсын.
4. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалына (И.Сансызбаев), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Токошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
5.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |