Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХXXVII СЕССИЯСЫ
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2020-жылдын 29-декабры № 256
“Ош клиникасы” медициналык
борбору жайгашкан муниципалдык
имараттын ижара акысын жееңлдетүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 02.11.2020-ж. №311/08-6 жана “Ош клиникасы” медициналык борборунун 10.10. 2020-ж. №102-21 пандемия убагында Ош шаарында COVID-19 илдети менен ооругандарды дарылоодо имарат жана аппаратуралар менен бекер камсыздап кызмат көрсөткөндүгүнө байланыштуу медициналык борборун 2020-жылдын 24-мартынан 1-сентябрга чейинки 1 365 120 сомдук муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана ънър-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 02.11.2020-ж. отурумунун №18 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ош клиникасы” медициналык борборуна ижара шартында берилген муниципалдык имарат COVID-19 илдети менен жабыркагандарды дарылоо үчүн пайдалангандыгына байланыштуу медициналык борборуна жеңилдик берилип, муниципалдык имараттын 2020-жылдын 24-мартынан 1-сентябрга чейинки ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына, “Ош клиникасы” медициналык борбору жайгашкан муниципалдык имараттын 2020-жылдын 24-мартынан 1-сентябрга чейинки муниципалдык ижара акысынан бошотуу боюнча иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткаруу жагы тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |