Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVII СЕССИЯСЫ
(IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2020-жылдын 29-декабры № 258
Ош шаарында муниципалдык
ипотекалык шартта берилген
турак-жайлардын жашоочуларынын
кайрылуусу жөнүндө
Ош шаарында муниципалдык ипотекалык шартта берилген турак-жайлардын жашоочуларынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 22.12. 2020-ж. №25 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарында муниципалдык ипотекалык шартта берилген турак-жайлардын жашоочуларынын кайрылуусун жеринде карап чыгуу үчүн тиркемеге ылайык убактылуу комиссия түзүлсүн.
2.Ош шаарынын мэриясына, (Т.Сарыбашов) убактылуу комиссиянын ишин уюштурууга көмөк көрсөтүү тапшырылсын.
3.Убактылуу комиссиясына, маалыматты Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясына чейин сунуштоосу тапшырылсын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |