Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 31-майы № 6
Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдар үчүн бюджеттин киреше,чыгаша бөлүгүн божомолун бекитүү жөнүндө
Бирлик айылдык Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө. Шералиевдин, Бирлик айылдык өкмөтүнүн бюджетинин киреше чыгышы бөлүгүнүн 2022-2023-2024-жылдар үчүн божомолу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бюджетинин кирешелер бүлүгүнүн божомолу атайын каражаттар менен биргеликте 7640,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн божомолу атайын каражаттар менен биргеликте 7788,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бирлик айылдык өкмөтүнүн 2024-жыл учун бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн божомолу атайын каражаттар менен биргеликте 7895,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.2022-2023-2024-жылдын бюджетинин киреше,чыгыша бөлүгүнүн божомолун аткарылышын мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл округунун башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
(тиркемелер тиркелет)
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешининтөрагасы: С.Каламов |
|