Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2021-жылдын 02-сентябрында № 1
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Чаек, Беш-Терек айылдары биринчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Чаек, Беш-Терек айылдары биринчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Чаек, Беш-Терек айылдары биринчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | У. Жунушалиева |