Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXXI - сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 1
Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Чаек, Беш-Терек айылдары биринчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1. Т.Турсунбаева атындагы жана М.Алыбаеватындагы орто мектебинин ортосундагы футбол анятчасынын бурчтарындагы опораларын, прожекторлорун бекемдөө үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинин электр энергиясын жер асты менен киргизүүгө 2221 (учурдагы оңдоо) беренесиндеги 333,0 (үч жүз отуз үч миң) сом акча каражаттын 70540 (жетимиш миң беш жүз кырк) сому АУП тун 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесине жылдырылсын жана багытталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Чаек айыл өкмөтүнүн тургундарына грамота, сыйлык берүү үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинин электр энергиясын жер асты менен киргизүүгө 2221 (учурдагы оңдоо) беренесинен 333,0 (үч жүз отуз үч миң) сом акча каражаттын 11700 (он бир миң жети жүз) сому АУПтун 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесине жылдырылсын жана багытталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Токтоналиевага жүктөлсүн.
Төрага | У. Жунушалиева |