Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXXI - сессиясы
2021-жылдын 19-августу№ 2
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ардак грамотасын” берүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ардак грамотасын” берүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, маданият жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясы»нын сунуштарын угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ардак грамотасы” 10 адамга 1000 (миң) сом акчасы менен, ар бир аймактан экиден адамга (беш аймактан), жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата берилсин.
2.Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ардак грамотасы” дизайнерлер менен кеңешип жакшы үлгүдө жасалсын.
3.”Ардак грамотага” кимдер сунуштаса болот (айылдык кеңештин депутаттары, мекемелер жана айыл өкмөтү) мекеменин протоколу
4.”Ардак грамотага” татыктуу адамдар Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында каралып депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечилсин
5. .”Ардак грамота” Чаек айыл аймагында 10 жылдан кем эмес жашаган жарандарга гана берилсин.
6.”Ардак грамотасына” татыктуу адамдар үчүн Мамлекетке сиңирген эмгеги, муниципалдык кызматта өнүгүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн иш кагаздарынын топтому
1)Сунуш (депутаттардын, мекемелердин жана айыл өкмөтүнүн)
2)Протокол
3)Резюме
4)Эмгек книжкасынын көчүрмөсү (күбөлөндүрүлүп)
5)Мамлекеттик сыйлыктардын көчүрмөсү
6)Паспорттун көчүрмөсү
7)Сүрөт 2 шт. 3х4 өлчөмүндөгү
8)Өмүр баян
9)Айыл өкмөттөн жашагандыгы тууралуу справка
7. Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ардак грамотасын” берүү жөнүндөгү жогоруда көрсөтүлгөн критерийлер бекитилсин.
8. “Ыраазычылык кат”, “Мактоо баракчасы” Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы тарабынан Кеңештин макулдугу жок берилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Токтоналиевага жүктөлсүн.
Төрага | У. Жунушалиев |