Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXIX - сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 1
Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1. Чаек айыл өкмөтүнүн ЖКЧ бөлүмүнүн учурдагы оңдоо (2221) беренесиндеги афган согушунун ардагерлеринин эстелигин оңдоого бөлүнгөн 250,0 миң сом каражаты, Балдар-уландар спорт мектебине имараттар жана курулмалар (3111) беренесиндеги контейнер сатып алууга бөлүнгөн 100,0 миң сом каражаты, Бала-бакчалардын (Беш-Терек –алтын балалык) бюджетиндеги имараттар жана курулмалар (3111) беренесиндеги контейнер сатып алууга бөлүнгөн 100,0 миң сом каражаты, бардыгы 450,0 миң сом каражаты бала-бакчалардын бюджетинин имараттар жана курулмалар (3111) беренесине Миңбаев Эрнис атындагы бала-бакчанын имаратына кошумча көмөкчү бөлмө курууга жылдырылсын жана багытталсын.
2. Чаек айыл өкмөтүнүн Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинин электр энергиясын жер асты менен киргизүүгө 2221 (учурдагы ондоо) беренесине 333,0 (үч жүз отуз үч миң) бөлүнгөн акча каражаттын 209,5 (эки жүз тогуз миң беш жүз) сому ЖКЧ бөлумүнүн 2221 (учурдагы оңдоо) беренесине ветклиникага куралдарды, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга жылдырылсын жана багытталсын.
3. Чаек айыл өкмотүнүн ар кандай чыгымдар (2215) беренесинен Балдар окуу борборуна 100,0 мин сом бөлүнгөн акча каражаттан, М.Алыбаев жана Т.Турсунбаева орто мектептеринин ортосуна минифутбол аянтчасын толугу менен оңдоп бүтүрүүгө 46,0 (кырк алты миң) акча каражаты АУПтун имараттар жана курулмалар (3111) беренесине жылдырылсын жана багытталсын.
4. Чаек айыл өкмотүнун мектептердин ар кандай чыгымдар (2215) беренесинен Балдар окуу борборуна 100,0 миң сом бөлүнгөн акча каражатынан, Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбекатындагы орто мектебинин айланасынын 253 метр жерин тостуруу үчүн Социалдык өнугүү башкармалыгынын Калкты ишке жайгаштыруу бөлүмүнө долбоор өткөргөндүгүнө байланыштуу өздүк салым үчүн 54,0 (элүү төрт миң) сом акча каражаты АУПтун имараттар жана курулмалар (3111) беренесине жылдырылсын жана багытталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Токтоналиевага жүктөлсүн.
Төрага | У. Жунушалиев |