Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXVIII - сессиясы
2021-жылдын 03-июну № 2
Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4- пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Автомобиль жолдорун куруу реабилитациялоо жана реконструкциялоону инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу” жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы № 374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун долбоорундагы Балыкчы Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтынан жол куруучуларга жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга жер аянтын бөлүп берүү максатында токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине Балыкчы Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун 170+700 км жолдун оң тарабынан узуну 1005 м, туурасы картада көрсөтүлгөн чектен чыкпоого бардыгы 6,124 га жер аянты жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга 2 жыл 11 айлык мөөнөткө Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына убактылуу пайдаланууга уруксаат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги жана Биргелешип түзүлгөн мекеме (Совместное предприятия), “МОСТ- Групп Чайна Роуд энд Бридж” жол жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жерди пайдалануудабардык санитардык экологиялык нормаларды сактоосу жана долбоор бүткөндө рекультивациялоону угол-откосун чыгаруу иштерин аткаруусу камсыз кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | У.Жунушалиев. |