Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXVIII - сессиясы
2021-жылдын 04-майы № 1
Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170-700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына уруксаат берүү жөнүндө.
Чайна Роуд енд Бридж корпорациясынын кайрылуусун карап чыгып Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170-700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына уруксаат берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кещеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-май 2004-жылдагы № 374 токтомун жетекчиликке алып токтом кылат :
1. Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170-700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына уруксаат берилсин.
2. Чайна Роуд енд Бридж корпорациясы менен жайыт комитетинин ортосундагы келишимдеги кемчиликтерди толуктап, андагы жумуштардын аткарылышы боюнча мониторинг кылууга жайыт комитети менен биргеликте комиссия түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Алымкуловго тапшырылсын.
Төрага | У.Жунушалиев. |