Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 11-августу № II/I
Ача-Кайыңды айылы жана Ат-Башы айылы ортосундагы жол кыймылынын баасын бекитүү жөнүндө
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл элинин жана айыл элин тейлеген транспорт ээлеринин кайрылууларын карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл элинин жана айыл элин тейлеген транспорт ээлеринин кайрылуулары канааттандырылып Ача-Кайынды айылы жана Ат-Башы айылынын жол каттамынын жол акы баасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Ача-Кайынды айылы Ой-Терскен орто мектеби жана Ат-Башы айылы КСК имаратына чейинки аралык 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн 10сомго;
-Ача-Кайынды айылы Ой-Терскен орто мектеби жана Ат-Башы айылы Береке базарына чейинки аралык бир адамга 15 сомго, андан өйдө Ат-Башы авто вокзалына чейинки аралыкка бир адамга 20сомго бекитилсин:
Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл элин тейлеген транспорт ээлерине милдеттендирилсин.
Бекитилген баа боюнча транспорт ээлери тарабынан одоно катачылыктар кетсе Ача-Кайынды -Ат-Башы жол каттамы боюнча маршруттук таксилерге линия ачылаары эскертилсин.
Төрага | М. Мааткабылов |