Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 11-августу № II/II
Ача-Кайыңды айылындагы кичи футбол аянтчасын иштетүүгө бекитип берүү жөнүндө
Ача-Кайыңды айыл аймагындагы кичи футбол аянтчасын иштетүүгө бекитип берүүгө айыл жаштарынын кайрылууларын карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл жаштарынын кайрылуулары канааттандырылып Ача-Кайынды айылындагы кичи футбол аянтчасын иштетүү жагы айылдын тургуну Торгоев Нурбекке бекитилип берилсин.
2.Ача-Кайынды айылындагы кичи футбол аянтчасынын иштөө графиги төмөндөгүдөй бекитилсин;
-Жайкы мезгил учурунда жумасына алты күнгө саат 20-00дон 24-00гө чейинки убакытка футбол ойноого уруксат берилсин,айланасын таза кармоо,ички тартип эрежелерин так сактоо, электр энергияны колдонууну сарамжалдуу пайдалануу,электр энергия эсептегич көрсөткүчүнүн маалыматын берип туруу жагы Торгоев Нурбекке тапшырылсын.
3.Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Мааткабылов |