Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 11-августу № II/IV
Ача-Кайыңды айылдык жалпы элдик чогулуштун 2021-жылдын 26-мартындагы №1 протоколунун негизинде кабыл алынган токтомун бекитип берүү жөнүндө
Ача-Кайыңды айылдык жалпы элдик чогулуштун 2021-жылдын 26-мартындагы №1 протоколунун негизинде кабыл алынган токтомун карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайыңды айылдык жалпы элдик чогулуштун 2021-жылдын 26-мартындагы №1 протоколунун негизинде кабыл алынган токтому алымча-кошумчасы менен бекитилсин. Тиркеме (Токтомдун көчүрмөсү)тиркелет.
2. Жалпы элдик чогулуштун токтомуна кошумча толуктоо ирээтинде төмөндөгү иштерди аткаруу толукталсын;
-Күзгү эгин орууга 1га жер 20 литр солярка 2000сом кызмат акы;
-Эгин тартуу Газ 53 1рейс 5литрден 7литрге чейин бензин жолдун алыс жакыны эске алынсын,500сом кызмат акы;
-Картошка касууга 1га жер 20литр солярка, 3500сом кызмат акы;
-Картошка тартуу Газ 53 1рейс 5литрден 7литрге чейин бензин жолдун алыс жакыны эске алынсын,500сом кызмат акы баалары бекитилсин.
3. Техника ээлери тараптан, бекитилген баадан ашыкча кызмат акы талап кылуу катталса Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып салынаары эскертилсин.
4. Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Мааткабылов |