Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 19-январы №I /V
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезекүү I сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетти пландоо бюджеттик комиссиянын киргизген суроолорунан жана макулдашууларынан кийин кирешелер боюнча 9538,5 миң сомго жана чыгымдоо боюнча 9538,5 миңсомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
№ | Киреше түрү | Сумма |
1 | Теңдештирилген грант | 5294,9 |
2 | Өздүк киреше | 3733,6 |
3 | Мектепке чейинки мекемелерге кошумча кызмат корсотүү акысы-ата-энелер төлөөчү төлөм | 510,0 |
| Баардыгы : | 9538,5 |
2.2021-жылга айыл өкмөтүнүн
№ | Чыгаша бөлүгү | Сумма |
1 | Башкаруу аппараты | 6413,4 |
2 | Айылдык жайыт бөлүмү | 336,2 |
3 | Айылдык китепкана бөлүмү | 233,3 |
4 | Айылдык маданият бөлүмү | 220,5 |
5 | Айылдык бала бакча бөлүмү | 640,7 |
6 | Айылдык мектеп бөлүмү | 1184,4 |
7 | Айылдык бала бакча бөлүмү (атайын эсеп) | 510,0 |
| Баардыгы : | 9538,5 |
тогуз миллион беш жүз отуз сегиз миң беш жүз сом бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №726 токтому менен бекитилген айыл өкмөт кызматкерлеринин 14,0 штаттык саны –эмгек акысы жана социалдык чегерүүсү менен 4520,1 миң сомго бекитилсин.
4. 2020-жылга айылдык Кеңештин бюджетинде турган жалпы бөлүмдөрдүн эмгек фондусуна 4937,9 миң сом бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомун жетекчиликке алып,2021-жылдын 15-январындагы аппарат кызматкерлеринин жумуш орундарын аттестациялоонун жыйынтыктарын талкулоо боюнча комиссиянын отурумунун №1 протоколунун негизинде компьютерде иштеген 7 /жети / штат бирдигиндеги аппарат кызматкерлерине 15% өлчөмүндө зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөнүп берилсин.
6. 2021-2022- окуу жылына Ой-Терскен орто мектебинин көмүр отуна жетишсиз болгон 330,0 / үч жүз отуз миң / сом жана “Ачакайыңды” айылдык бала бакчасынын көмүр отуна 105,0/бир жүз беш миң / сом баардыгы 435,0 \төрт жүз отуз беш миң / сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине кайрылып бөлдүртүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
7. Бул акча каражаттар бекитилген сметага ылайык Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Барыктабасовага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзалиев |