Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 19-августу №I /VII
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2021-жылга калдык болуп калган акча-каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01. 2021-жылга калдык болуп калган акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:
- айылдык Кенештин төрагасынын эмгек акысына-9,3 сом.
- социалдык чегерүүсүнө -1,6 сом
- А.Ажиева атындагы айылдык ФАПтын жылытуу системасын орнотуу боюнча
өздүк салымына- 60,0 сом
- айылга комбайн алуу үчүн -1000,0 сом
- Ача-Кайыңды жайыт бөлүмүнүн жайыт акысы -19,1 сом
- архитектуралык документтерди,техникалык көзөмөл акысына -60,0 сом
- айыл көчөлөрүнө шагыл төгүү-300,0 сом
- айыл көчөлөрүнө түн чырак жана оңдоо иштерине -127,8 сом
Баардыгы 1577,8 ( бир миллион беш жүз жетимиш жети миң сегиз жүз) сом.
2. Атайын эсептеги ата-энелерден түшкөн акыдан бала бакчага азык-түлүк алууга -19,3 сом
3. 2021-жылга ашкан акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрагасы: |
А.Мурзалиев |