Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 17 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-июлу №1
Шырыкты өрөөнүндөгү «Ак-Таш» жергесине (тилкесине) чалгындоо иштери жөнүндө
Казыбек айыл аймагындагы Шырыкты коктусундагы Ак-Таш тилкесине чалгындоо иштерин «Кыргыз Гаухар» изилдөөчүлөрү Мажиев Эрулан Талгартбекович жана Бактаев Темирбек Дүйшөнбековичке чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Казыбек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Шырыкты коктусундагы Ак-Таш тилкесине «Кыргыз Гаухар» фирмасынын изилдөөчүлөрү Мажиев Эрулан Талгартбекович жана Бактаев Темирбек Дүйшөнбековичке чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |