Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу №1
Чет-Келтебик өрөөнүндөгү суусунан Кара-Булуң айылына таза суу берүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнө тиешелүү Чет-Келтебик өрөөнүндөгү Чет-Келтебик суусунан Кара-Коюн айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булуң айылына суу түтүктөрү аркылуу таза суу чыгаруу үчүн суунун башына резервуар,отстойник курууга 2019-жылдын 23-июлундагы айылдык кеңештин 10-кезексиз сессиясынын №2 Токтому менен макулдук берилген,бирок бүгүнкү күнү токтомдо көрсөтүлгөн шарттар аткарылбагандыктан жалпы эл кайрадан айылдык кеңешке кайрылышкан,ошол себептен айылдык кеңеш, 2019-жылдагы токтомдо көрсөтүлгөн шарттарды аткарбагандыктан,2021-жылдын 15-сентябрына чейин токтомдо көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу үчүн,айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. 2019-жылдын 23-июлундагы айылдык кеңештин 8-шайланышынын 10-кезексиз сессиясынын №2 токтомунда көрсөтүлгөн шарттарды аткарбагандыгы үчүн ,айылдык кеңеш жалпы элдин кайрылуусун кайрадан карап көрүп 2021-жылдын 15-сентябрына чейин токтомдо көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаса Кара-Коюн айыл өкмөтүнө тиешелүү Кара-Булуң айылына суу берүү токтотулсун.
2. Жалпы элдин кайрылуусун жана айылдык кеңештин токтомун негиз кылып, Кара-Коюн айылдык кеңештин төрагасына,Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана ОсОО «Прожектин» жетекчисине кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |