Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу №2
Шырыкты өрөөнүндөгү «Ак-Таш» жергесине чалгындоо иштери боюнча маселени кайра кароо жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнө тиешелүү Казыбек айыл аймагындагы Шырыкты өрөөнүндөгү «Ак-Таш» тилкесине чалгындоо иштерин «Кыргыз Гаухар» изилдөөчүлөрү Мажиев Эрулан Талгартбекович жана Бактаев Темирбек Дүйшөнбековичке чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 2021-жылдын 27-июлундагы айылдык кеңештин 17-кезексиз сессиясынын №1 Токтому менен макулдук берилген,бирок элге жеткиликтүү түшүндүрүү иштери «Кыргыз Гаухар» изилдөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлбөгөндүктөн ,изилдөө ишин токтотуу жөнүндө эл кайрадан айылдык кеңешке кайрылышкан, ошол себептен айылдык кеңеш,эки тарапты тең угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Эки тараптын ынтымак менен сүйлөшүүсүнүн жана түшүнүү менен кабыл алуусунун негизинде 2021-жылдын 27-июлундагы №1 Токтому күчүндө калсын деп табылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |