Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу №3
Казыбек-Жаңы-Күч айылдарынын көчөлөрүнө жол белгилерин коюу жөнүндө
Ат-Башы РИИБнүн начальниги милициянын полковниги Б.Арзыгуловдун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коопсуздукту жана укук тартипти камсыз кылуу боюнча 07.06.2021-жылы №1/1чечиминин талаптарын аткаруу үчүн жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептердин жана бала бакчалардын туштарындагы жол белгилер жок жерге тез арада ылдамдыкты чектөөчү жана жөө адамдар өтүүчү белгилерди орнотуу үчүн ,айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылы 29-январында Казыбек айылдык кеңешинин №20 Токтому менен бекитилген Кара-Коюн,Чет-Келтебик сайларынын сууларынын нугун бурууга дамбы куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 300000(үч жүз миң) сомду пайдаланылбай жаткандыктан , Кыргыз Республикасынын «Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, жылдыруу жолу менен 22152900 статьясынан 2.2.2.2. статьясына которуп, 100000(жүз миң)сомун көчөлөргө жол белгилерин коюуга жумшалсын.
2.Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялап тиешелүү фирмага которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |