Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 13 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу №4
Казыбек айылындагы Сыдыкбеков Асан көчөсүнө электр зым карагайына электр чубалгыларын тартуу үчүн жана трансформатордун ичине керектүү жабдыктарын алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылы 29-январында Казыбек айылдык кеңешинин №20 Токтому менен бекитилген Кара-Коюн,Чет-Келтебик сайларынын сууларынын нугун бурууга дамбы куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 300000(үч жүз миң) сом пайдаланылбай тургандыктан, Казыбек айылындагы Сыдыкбеков Асан көчөсүндө электр зым карагайларга электр чубалгыларын тартуу жана трансформатордун ичине керектүү жабдыктарын алуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылы 29-январында Казыбек айылдык кеңешинин №20 Токтому менен бекитилген Кара-Коюн,Чет-Келтебик сайларынын сууларынын нугун бурууга дамбы куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 300000(үч жүз миң) сомду пайдаланылбай калгандыктан , Кыргыз Республикасынын «Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, жылдыруу жолу менен 22152900 статьясынан 3111 статьясына которуп 200000(эки жүз миң) сомун Сыдыкбеков Асан көчөсүндөгү электр зым карагайларга электр чубалгыларын тартуу жана трансформатордун ичине керектүү жабдыктарын алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси М Шермамбетовго электр зым карагайларга электр чубалгыларын тартуу жана трансформатордун ичине керектүү жабдыктарын алуу үчүн тендерге жарыялоого тиешелүү документтерди даярдап берүү, сметасын түзүп келүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялап тиешелүү фирмага которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |