Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу №5
«Казыбек-Жаңы-Күч» муниципалдык ишканасынын тракторундагы 4 корпустуу сокосу жөнүндө
«Казыбек-Жаңы-Күч» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубатакун уулу Ниязбектин кайрылуусунун негизинде, мурда алынган айыл чарба шайманы болгон 4 корпустуу соко тракторго чиркелген учурда бир корпусу ашыкча маселе жаратып жаткандыктан соконун бир корпусун кесүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Сокого тиешелүү документтерин алып,тиешелүү мекемеге кайрылып, сокону кесүү боюнча аныктап келүү,эгер кесилсе уруксат алуу жагы .Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго милдеттендирилсин.
2. Соконун бир корпусун кесип салууга уруксат берилсе аткаруу жагы, «Казыбек, Жаңы-Күч» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубатакун уулу Ниязбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |